Б.: «Текник» ББ, 2013. – 169 б. Экинчи басылышы.
ISBN 978-9967-04-379-4
Азыркы кыргыз тилинин лексикологиясы жана лексикографиясы окуу
китеби гуманитардык-филологиялык, педагогикалык багыттагы
студенттерге бүгүнкү күндүн деңгээлинен кыргыз тилинин
лексикологиясы менен лексикографиясына карата ой жүгүртүүгө үйрөтүү
максатында нормативдүү талапта, лингвистикалык билим берүүнүн
жол-жоболоруна ылайык даярдалды. Эмгек логикалык ырааттуулукта өз
ара жалгаштырган: Лексикология, Лексикография, Кыргыз тилчилери
жана Тиркемелер деген бөлүктөрдөн турат. Окумуштуулардын илимий
ойлору көрсөтүлгөн эмгектерден пайдаланылды. Өтө зарыл болгон
учурда ички (тексттин арасындагы) шилтеме керектелди.
Окумуштуу-профессорлорго, аспиранттарга, магистранттарга,
студенттерге, кыргыз лексикологиясы менен лексикографиясына жана
улуттун руханий этномаданиятына кызыккандарга багытталат.