Мугалим. ж-а филол.-студ. үчүн. — Ф.: Мектеп, 1987. — 144 б. —
Библиогр.: б. 143-144 (33 аталыш).
Антонимди изилдөө жана окутуу бул кубулуштун табиятын ачуудан
башталат. Мында эки маселе чечмеленүүгө тийиш: 1) антонимди өзүнчө
тилдик кубулуш катары кароонун өбөлгөлөрү, б. а., антонимдин
негизги белгилерин ачып берүү; 2) антонимдердин реалдуу
карама-каршылыкка болгон карым-катышын иликтөө, б. а., антонимдер
сөздөрдүн гана карама-каршылыгыбы, же алар турмуштагы реалдуу
карама-каршылыктын тилде чагылдырылышыбы деген суроону чечүү.
Аталган маселелердин ар бири өзүнчө иликтөөнү талап кылгандыктан,
аларды өз-өзүнчө бөлүп кароону эп көрөбүз.