Бишкек: К. Тыныстанов атындагы ЫМУ, 2008. — 47 б. Филология
илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган
диссертациянын авторефераты.
Кыргыз тилинин фразеологиясынын айрым маселелерин изилдеген
эмгектерде көбүнчө фразеологизмдердин семантикалык табияты, көркөм
чыгармада стилдик максатка ылайык эмоциялык-экспрессивдик
өзгөчөлүктөрү жана фразеологиялык экспрессиянын жаралышындагы
семантикалык факторлор каралса, кийинки изилдөөлөрдө салыштырма
типологиялык мүнөздөгү маселелер иликтөөгө алынган.