Бишкек: КР Билим берүү жана илим министрлиги, 2013. — 104 б.,
сүрөттөр. ISBN 978-9967-31-069-8
Окутуу өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн. Окуучулардын
кызыгууларын, эске тутууларын өстүрүү үчүн тапшырмалардын түрлөрү
берилген. Бул тапшырмалар турмуш менен байланышкан. Ошондой эле
кызыктуу чакан аңгемелер, ырлар, жаңылмачтар, макалдар, табышмактар
жана логикалык оюн-көнүгүүлөр, кроссворд, фильворддордун түрлөрү
берилген. Окуу китебинин аягында кайталоо үчүн көнүгүүлөр берилгер.
Бул окуу китеби менен окуучулар өз алдынча, жупташып, топтошуп
иштей алышат. Ошондой эле активдүү лексиканы толук камтыган сөздүк
берилген.