12-14 апрель 2007. — Бишкек: 2011. — 176 с.
Гуманитардык факультеттин Түркология бөлүмү – 1995-жылы ачылган
университетибиздин тунгуч бөлүмдөрүнүн бири. Бөлүмүбүздүн максаты –
түркология тармагында бакалавриат, магистратура жана докторантура
программаларында билим берүү, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана
республикалык, эл-аралык деңгээлдеги симпозиум жана конгресстерди
уюштуруу аркылуу жаңы жана мурунку муундагы түркологдордун башын
кошуу. Бул жаатта бөлүмүбүз илимий иштерди жарыялап, мындан
сырткары Түркология тармагында билим алып жаткан студент,
магистрант жана докторанттардын бири-бири менен таанышуусун,
академиялык чөйрөгө аралашуусун жана илимий пикир алышууларын
камсыз кылуу максатында 2007-жылы ошол кездеги бөлүм башчыбыз др.,
д.м.а. Хусейин Өзбайдын демилгеси менен университетибизде
симпозиум, семинар жана конгресстерди уюштуруу чечими кабыл
алынган. Бул чечимдин негизинде бөлүмүбүз 2007-жылдын 12-14-апрель
күндөрүндө Жаш түркологдордун 1-симпозиумун өткөргөн.
Жаш түркологдордун 1-симпозиуму “Түрк тилдериндеги тил жана адабият маселелери” деген темада өткөн эле. Бул симпозиумга академик Бүбүйна Орузбаева катышкан жана жаш түркологдор бул белгилүү илимпоз менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бирок, симпозиум биринчи жолу уюштурулгандыгына байланыштуу, бул жолкусунда Кыргызстандагы эле жаш түркологдордун катышуусуна шарт түзүлгөн жана бул симпозиумга өзүбүздүн университеттен тышкары Бишкек Гуманитардык университети,
Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Улуттук илимдер академиясы сыяктуу Кыргызстандын илимий мекеме жана жогорку окуу жайларынан жалпысынан кыркка жакын жаш түрколог илимий билдирүү менен катышып, бири-бири менен таанышып, изилдөө жүргүзгөн темаларынын алкагында дискуссияларды өткөзүп, келечекте проект түзүү жана орток изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында пикир алышышкан.