Анкара: Түркия республикасы Дин иштери башкармалыгынын чыгармалары,
2008. — 80 б. Түркиядагы Адеп сабагы мугалимдеринен түзүлгөн
комиссия тарабынан даярдалган. ISBN 975-19-3707-8
Пайгамбарыбызды таанып билүү жана аны сүйүү бизге кубаныч
тартуулайт. Анын жашоосу биз үчүн сонун үлгүлөр менен толтура. Бул
китепте пайгамбарыбыздын өрнөктүү жашоосун жана Ислам динин
түшүндүрүүдө жасаган иш-аракеттерин окуйсуңар. Пайгамбарыбыз
баарынан мурда ата болчу. Балдарын абдан жакшы көрүп, алар менен
алектенер эле. Аялына сый-урмат көрсөтүп, жардам кылар эле. Достору
ага ар дайым жана ар жерде чексиз ишенимде болушчу. Ал адамдарды
жакшылыкка, сулуулукка, тууралыкка, билимдүү жана адеп-ахлактуу
болууга, ошондой эле башка адамдарга жардам берүүгө чакырчу.