Бишкек: Шам, 2003. — 400 б. — (Эл адабияты 29). — ISBN 9967101231
«Бул китеп кыргыз элинин руханий маданиятын, философиялык көз
караштарын, улуттук өзгөчөлүктөрүн аныктай турган элдик
каада-салттарга жана баталарга арналды. Элибиздин аң-сезимине,
турмушуна белгилүү мыйзам, норма катары сиңип калган улуттук
каада-салттарыбыз кыргыз баласын төрөлгөндөн баштап өмүрү өткөнчө
коштоп жүрөт. Ал эми ак тилек, таза пейил менен айтылган баталар
келечекке жарык нурун чачып, үй- бүлөнүн түбөлүктүү болушуна ишеним
туудурган. Сунуш этилген материалдар бүгүнкү күндө актуалдуу
проблемалардын бири. Андыктан каада-салттарды жана баталарды жалпы
окурмандарга сунуш кылабыз.