ТАЙЛАК БААТЫР БАЯНЫ - Ала-Тоо Маалымат Порталы | Ala-Too Kyrgyzstan News Portal
Автор: Султанаалы Арстанбек
29.01.2011 08:30 -
Баатыр атагы менен тарыхта калган Тайлак Рыскул уулу тууралуу далай даңазалуу
окуялардын топтому айтылып калган. Ал Теңир тоо койнундагы кыргыздардын намысын
тепсетпей, кылыч мизин басып жашап өткөн инсандардын көрүнүктүүсү.
Он сегизинчи кылымдын акырында, тагыраак айтканда, 1796-жылдары жарык дүйнөгө
келген Тайлак баатыр кадимки Жанболот баатырдын небереси. Жоокерчилик замандын
көкжалдарынын бири катары бой тарткандан ата намысын сактоо үчүн аракет жасап,
тоолук кыргыздардын эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн тобокелге баш байлап,
бүгүнкү Тогузторо менен Акталаа райондорунун чегинде жашаган элине тутка болгон.
Кыргыздын саяк уруусунун чоро уругунан тараган укумдун мыкты чыкмасы Тайлак
баатырдын бир тууганы Атантай экөөнүн жетекчилиги астында Кокон бийлигине, Кытай
жортуулчуларына каршы согуштардын байма-бай болуп тургандыгы эл эсинде сакталуу.
Мына ошол кандуу кыргындардын башталышындагы жекеме-жекеге чыккан эр
сайыштардын натыйжасында Тайлак баатырдын жеңиштерге жетишкендиги жомок
болуп айтылып, тагдыры кенже эпостук деңгээлге чейин көтөрүлгөн.
Баатыр тууралуу изилдеп-иликтеп тарыхый-көркөм баян жазган, өмүр акырына чейин
улуу инсанды даңазалоо аракетин жасаган жазуучу, маркум Шүкүрбек Бейшеналиевдин
айткандары сакталып калган экен:
1 / 3